www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир курулган жана ремонттолгон медициналык мекемелер бейтаптар үчүн ыңгайлуу болушу шарт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди.

Өкмөт башчы Токмок шаарындагы 250 адамга эсептелген оорукананын имараты менен таанышты. Мында башталган оңдоо иштери 2020-жылдын август айынын соңунда бүткөрүлөт.

"Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөш алкагында пайдаланудан чыккан айрым облустук ооруканаларда капиталдык ремонт өткөрүү чечими кабыл алынган. Мындан тышкары, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу материалдардан эксперименталдык ооруканалар курулууда. Бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү керек. Мында негизги талап катары ооруканалардын ыңгйлуулугу болуп саналат. Бардык зарыл эсептелген күтүү залы, кабыл алуу блоктору, реанимация, палаталар жана башка бөлүмдөр каралышы керек, медициналык көмөккө кайрылган жарандарга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүшү шарт", – деди Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости