www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин, «Альфа Телеком», «Кыргызтелеком» ишканаларынын жетекчилери менен «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компанияларынын ортосундагы кызматташтыктын талаштуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев эки мамлекеттик компаниянын кызматташтык идеясын колдой турганын белгилеп, алар өлкөнү санариптештирүү саясатын жакшыртууда локомотив болушу керек экенин айтты. Натыйжада «Альфа Телеком» ишканасы менен «КТ Мобайл» менен жыштыктарды чогуу пайдалануу боюнча кызматташтык улана турганы белгилүү болду. «КТ Мобайл» «Кыргызтелеком» ишканасынын туунду компаниясы болмокчу. Келишимге ылайык, түшкөн киреше «Альфа Телекомдун» пайдасына 67%, ал эми «КТ Мобайл» үчүн 33% принциби менен иштейт. «Альфа Телеком» Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюк операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин алды.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы айтылып, атайын комиссия түзүлгөн. Ишке кирелек компаниянын кызматкерлеринин маянасы жарыбаган акча алып күн кечирген жөнөкөй жарандар эмес, анча -мынчаны "ап" эттирип айлыгы жакшы Жогорку Кеңешти дендароо кылды.  

Бүгүн,Өкмөт башчынын бажасынын баласы делген «КТ Мобайл» компаниясынын башчысынын орун басары орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости