www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн басма сөз кызматы "Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин диплому жсалма" деген пикирди четке кагып, бул тууралуу жазган соцтармактын колдонуучусу мыйзам алдында жооп берерин билдиришти

Өмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов Айбек Хакимовдун сөздөрүн четке какты.

«Хакимов жазгандар калп. Ал мыйзам алдында жооп берет», - деди Эсенгулов.

Ал эми Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев Айбек Хакимовдун маалыматын төгүндөп, Хакимов менен Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университетин бир убакта аяктаганын, бирок, премьер-министр магистратурада, ал эми Хакимов бакалаврда окуганын маалымдаган.

“Окууту ар кандай мезгилдерде жана ар кандай имаратта өткөрүлгөн. Менин оюмча, университет кийинчерээк бардык зарыл маалыматтарды берет” – дейт өкмөт башчынын басма сөз катчысы.

Эске салсак, АКШдагы кыргызстандыктардын Kyrgyzclub диаспорасынын жетекчиси Айбек Хакимов "өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган эмес" деп билдирди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазып чыккан.

Абылгазиевдин өмүр баянында 1994 — Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун «агроном» адистиги боюнча, 1997 — Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктагандыгы жазылган.

“Кызыгып жатып, мен премьер-министрдин өмүр баянын окуп, аябай кызыктуу бир фактыны таптым. Өмүр баянында Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана бизнес бөлүмүн аяктаганы көрсөтүлгөн. 1993-жылы ачылган университеттин биринчи бүтүрүүчүлөрү 1997-жылы катталган. Мен ушул окуу жайдын экономика жана бизнес факультетинин биринчи 60 студентинин катарында болчумун. Ошондуктан, мен окуу жайдын студенттеринин баарынын-аты-жөнүн билчүмүн, анткени староста элем. Студенттердин арасында Абылгазиев болгон эмес. Мен бир нече тайпалаштарым менен такташтым, алар дагы аны эстей алышпайт экен. Сырттан окуу бөлүмүндө да окуган эмес. Биздин өлкөдө таң кала турган эч нерсе болбосо дагы Абылгазиевдин Кыргызстан эл аралык университетинин дипломун кантип алганы кызык...”, - деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости