www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу өкмөт башчы, Жээнбеков Сооронбай Шарипович! Мен, Тойчуева Мундуз Масеитовна,  Сизге кат жолдоомдун себеби төмөндөгүчө: Мен өзүбүздүн Кара-Кулжа районундагы, Шарип Жээнбеков атындагы, интернат лицейинде 30 жылдан ашуун, Эл агартуу наамына чейин жеткен мугалимдердин катарында ушул күнгө чейин, мектеп десе жанымды берип, өз кызматымды аркалап келем.

Менин сизден өтүнүчүм, төмөнкү арызымды көзөмөл кылыңыз.  Талыкпастан эмгектенип жаткан учурумда, ден соолугум өзүм үчүн кооптуулукту жаратып, өзүбүздүн даарыгерлердин көнүл бурбоочулук жана шалаакы, кайдыгер мамилелеринин кесепетинен, төрт беш айдан бери, ооруканадан ооруканага каттап, менин толук анализимди чыгарып бере албаган, нары жака бир жиберип акчамды алдырып, бери жака бир жиберип акчамды алдырып, же бир толук анализ койо албаган дарыгерлерге нааразычылыгым күчөп келет. Корупцияга белчесинен батып кеткен даарыгерлердин, алакан астында алып жаткан акчаларын, жойобуз деп айтканыңыздар бар эле, көзүм менен көрүп турам, мен эмес, менен өткөн бей-бечараларды какшатып акчасын шыпырып тургандарын, дагы кайталап атам, көзүм  менен көрүп турам, берсең карайбыз бербесең каалаган жагыңа бар дегендерине да күбө болдум.

Даарыгерлердин жосунсуз иштерин көрүп олтуруп көзүмө жаш айланды. 30 жыл уул кыздарды тарбиялап окуттум деп жүрсөм, көрсө жаңылышкан экенмин. Тескерисинче карапайым калктын канын соргон кансоргучтарды өзүм даяар кылып койо берип жаткан экенмин. Кандай кана өкүнүчтүү! Керек болсо ошолордун, аты-жөнү фамилиясына чейин айтып берем. 4,5 айдын жүзү болду. Балдарым Кара – Кулжада. Мага жыйынтык чыгарып бере албаган менен көптү үмүттөндүргөн дарыгерлер менен кармашып, бала чакаман алыс, ушул тапта оорунун айынан Бишкек шаарында күн кечирүүдөмүн.   

Сооронбай Шарипович, Сизден суранаарым, эртереек анализдерими чыгарып беришсе, менин ден соолугумду Кыргызстандын жараны катары кош мамиле кылбай карашса. Эртереек айыгып, мени күтүп жаткан окуучуларыма барып, өз таалим тарбиямды берүүмдү улантсам дегенге эки көзүм төр.

Урматтуу Сооронбай Жээнбеков, жана коррупцияны жок кылабыз деп көкүрөгүн койгулаган депутаттар, карапайым калктын ден соолугу эмес, акчасы үчүн күрөшүп жаткан оорукана кызматкерлери менен алгылыктуу, иш чараларды жасасаңыздар бейтаптар үчүн жакшы иш кылган болоор элеңиздер.

Тойчуева Мундуз Масеитовна!

Байланыш түйүнү: 0779 64 08 45

Булак: NazarNews.kg

Последние новости