www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-июнда Өкмөт башчы Мухеммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы сел каптаган айылдарга барып, жабыр тарткандардын абалы менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты Азаттыкка кабарлаган.
Өкмөт башчынын иш сапары эки күнгө созулуп, Премьер-министр жеринен талаа иштеринин жүрүшү, көпүрө жана башка социалдык объектилердин курулушу, чакан ГЭСтин жана айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгарчу кичизаводдун иши менен таанышат.
Белгилей кетсек, 15-июндан берки катуу жаан-чачындан улам Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен облусу боюнча жалпысынан 259 үйдү сел каптаган. Алардын көбүнүн короолоруна суу кирип, бир тобунун ичине кирип, бир нече үйлөрдүн дубалдары бузулуп кеткен.
Булак: NazarNews.kg