www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Жылдыз Бакашова белгилегендей, кооптуу инфекция менен күрөшүүдө өмүрүн берген медициналык кызматкерлердин элесин түбөлүккө калтыруу асыл кесиптин өзгөчө маанилүүлүгүн гана билдирбестен, алардын өмүрү үчүн мамлекеттик органдардын жогорку жоопкерчилигин билдирет.

«Өлкө үчүн оңой эмес учурда биздин дарыгерлер кесипке берилгенин билдирип, өз өмүрүн тобокелдикке салуу менен адамдарга жардам колун сунуп, баатырдыгын көрсөттү. Биз алардын эрдигин эсибизде сактайбыз, келечек муун эпидемиялык абалга каршы күрөш кандай жүргөнүн билүүсү үчүн алардын элесин түбөлүккө калтыруубуз керек», — деди ал.

Андан соң эстеликти орнотуунун демилгечиси, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморов тарабынан скульптуранын макети сунушталды, анда коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин образы чагылдырылган.

Кеңешменин жыйынтыгында Бишкек шаардык мэриясына эстелик орнотула турган орунду аныктоосу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бир жумалык мөөнөттө Президенттин администрациясына учурдагы Конституцияны эске алуу менен Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу комиссиясына Министрлер кабинетинин чечимин киргизүүсү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости