www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждеги бир автоунаанын кырсыкка кабылышына байланыштуу кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, иликтөөнү Ысык-Көл облустук прокуратурасы жүргүзүп жатат.

4-июнда Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Баштапкы маалыматта айтылгандай, каршыда келе жаткан машинанын айдоочусу мас болгон.

Аварияда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) 9-кызматынын бир офицери каза болуп, үч адам жабыркаганы расмий кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости