www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки поезд кагышып, 30дай адам набыт болду

Пакистанда эки жүргүнчү поезддин кагылышуусунан кеминде 30дай адам набыт болду. Кырсык 7-июнда эртең менен Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон.

Расмий маалыматка ылайык, поезддердин бири рельсттен чыгып кетип, эл ташып келе жаткан экинчи поезд менен кагылышкан. Анда алты вагон толугу менен кыйраган.

Поезд кырсыгы алыскы аймакта орун алгандыктан куткаруу операциясын жүргүзүү кыйын болууда.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан бидирүү таратып, кырсыктын себептерин аныктоо үчүн терең иликтөө жүргүзүүнү убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости