www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кылмыш-жаза кодекстери кыргыз тилинде жазылды. Бул туурасында жаңы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Чолпонкул Арабаев билдирди.

Ал бүгүн президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында баяндама жасады.

«Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги астында учурда иштеп жаткан беш кодекске дыкат талдоо жүргүзүлүп, бир жарым айдын ичинде дем алышсыз иш алып бардык. Учурдагы кодекстерди иштеп чыккан жумушчу топ мурдагылардан айырмаланып акы албастан кыска убакытта иштеп чыгышты. Мамлекеттик тилде так жазылып, аталышы жана ички мазмуну талапка толук жооп берет. СССР мезгилинде, 30 жылдык эгемен тарыхта кылмыш-жаза мыйзамдары эч качан кыргыз тилинде жазылган эмес», — деди Арабаев.

Ошондой эле, ал эксперттик топ долбоорлор Жогорку Кеңеш тарабынан канчалык эрте кабыл алынса, укуктук көйгөйлөрдөн арылып, туңгуюктан тезирээк чыгууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости