www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик айдоочуларга убактылуу азуусун көрсөтүп койду. Акыркы мезгилде «Кумтөр» маселеси чиедей чырмалышып, улам бир алкы-бузуктун жүзү ачылып жатканда, туурадан айдоочуларга бүлүк салышып, жол кирени 15-20 сомго көтөрүшүп, элдин капчыгына кол салгысы келгендер чыгышкан. Бишкекте коомдук транспортко болгон тарифтер сентябрга чейин эле көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирген: «Биз маршрутка айдоочуларын сентябрга чейин күткүлө деп жатабыз. 11-июлдагы шайлоодон кийин жаңы шаардык кеңеш келгенде, балким, маселе эрте чечилип калар. Айдоочулар так убакытты айткыла деп жарга такап жатат. Азыр кырдаал оор, биз алардан көз каранды болуп турабыз», — деген Кудайбергенов.
Калаа башчысынын милдетин аткаруучу тарифти Бишкек шаардык кеңеш чечерин, алар азыр үгүт иштери менен жүргөндүктөн чогулта албай жатканын айткан. Бул шайлоо учурунда гана элдин көңүлүн ала турган акция эмеспи? Эл бир жумалык кыйынчылыкты чыдап көтөрүштү. Араң турушкан таксисттер мындай элдин башына кыйынчылык түшүп жатканда акчага маарышып, жол кирени өздөрү каалашкандай көтөрүп жиберишти. Былтыр да коронавирус учурунда мындай алааматты көргөн эл тоготкон да жок.
Жол кирени көтөрүүдөн мурун бири-бирин кайталаган маршруттардын санын кыскартыш керек. Бишкекте бопбош эле каңгып жүргөн кичи автобустар канча? Жол кирени көтөрүп койгондо элге кыйынчылык түшөт, ал эми алардын кичи автобусу бары бир толбойт. Ошондуктан, кереги жок маршруттардын лицензияларын алып, Бишкек ичиндеги маршруттук таксилерди кыскартыш керек. Бул маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдү жула качып, автобустарга тоскоолдук кылышат.
Ал эми айыл тараптан келген (пригородный) маршруттук таксилердин жол киреси жетишерлик эле. Алар жык-жыйма болуп, бири-бирин тебелесе да резинадай сала беришет. Бир рейстен эле 500-600 сомго чейин табышса, бир рейсин бензинге кетиришсе, канча пайда таап жатышат. Бишкекте жол кире көтөрүлсө алар каалашынча жол кирени көтөрүшмөк. Эмне алар байыш үчүн жүргүнчүлөрдүн жол киресин көтөрүү керекпи?
Бишкекке 350 жаңы автобус келе жатат деген кеп угулуп калды. Мурунку мэрлердин ой-пикирлери боюнча жаңы сатып алынган автобустарды накта акчага эмес, келечекке карыз алгандыктан жол акысын көтөрүшүбүз керек экен. Алардын оюу боюнча автобусту сатып алган акча каражаты али чечиле элек эле. Автобусту чыгарган заводдор менен, мейли Казакстан, Өзбекстан, Белорусия болсун келишим түзсөк, ал заводдор бизге 3-5 жылга чейин автобустарды насыяга берет имиш. Ошондо азыркыдай 100 гана автобус эмес, эки жылга кенен эле, 500 автобус сатып алсак боло тургандай экен. Эгер жолдо жүрүү тарифин 15-20 сомго көтөрсөк шаардыктар ыңгайлуу, жаңы автобустарды сатып алса болот деген. Ушундай жол менен жол жүрүү тарифин көтөрүп гана каржылоо маселесин Бишкек мэриясы чечип алат экен. Алар да Бишкек мэриясынын каймагын калпып “ооз тийип” калган эле, бирок “ай күнүнө жетпей” ал кызматынан кеткен. “Таппасаң сыйпалап кал” мэр автобустар менен жылаңайлак жүрүшүп эл менен кошо кыйынчылык тартыш керек. Мэрлер кымбат баалуу унаага отурушкандан бери, элдин жол жүрүү акысы көтөрүлөбү баштары деле оорушпайт да.
«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Жол кирени көтөрүү Кудайбергенов Бактыбектин мойнуна жүктөлө тургандай болуп турган. Бул жолу буйтап кетти.
Күнүгө жок дегенде арты 1000 сом таап, алды 2-3 миң сом таап жаткан айдоочулар элди ойлобой өз жандарын ойлошуп жол кирени көтөрүү талабы менен чыгышууда. Шопур Илмиянов мамлекеттик рулду башкарып жаткан Атамбаевдин заманында айдоочулардын айткандары «лып» аткарылып жол кире улам-улам көтөрүлүп турчу. Бишкек мэри Иса Өмүркулов жан дили менен көтөрүп турчу, 2012-жылдын 1-майында бааны көтөргөн. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң айдоочулар дагы жол кирени көтөрүү маселеси менен чыккан, иштесең ушул жол кире менен иште, иштебесең башкалар иштей берет деген принцип менен жол кире көтөрүлгөн эмес. Азыркы бийлик да ушул позицияны тутунуп жалпы элге жакшы кылды. Эгер Бишкекке шайлоо өткөнүнө аз гана болуп, али официалдуу шайлана элек мэр айдоочулар үчүн элге каршы жол кирени көтөрүп, элдин кыжырына тийип, кайрадан башалмандыкка жол ачышы мүмкүн эле. Айлыгы аз эл үчүн жол кирени бир-эки сомго көбөйтүү да оор тийет. Анткени, кээ бир үйдө канча адам жумушка барып келсе, канча бала мектепке барып келип жатат. Андай болсо айлыкты да көтөрүш керек.
Эгерде маршруттук автобустун айдоочулары кайрадан иш таштаса, анда мэрия Транспорт министрлигине эл ташуучулардын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылыш керек. Бишкек мэриясы айдоочулар талап кылган жол акыны көтөрүү маселесин кароого даяр эмес. Бул тууралуу транспорттук компаниялардын жетекчилерине эскертүүлөр берип, эми ушундай иш таштоо болсо, маршруттук таксилердин айдоочулары ишин токтото турган болсо, анда аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлүш керек.
Элди ташууга лицензияны Транспорт министрлиги берет, мэрия болсо аны жокко чыгаруу үчүн кайрылыш керек. Бир апта маршруттук таксилердин айдоочулары ишти токтотуп жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Мэрияда кичи автобустарда жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бир жуманын ичинде айдоочулар болжолдуу сметаны шаардык транспорт бөлүмүнөн карашып азырынча мурунку баа менен калышты. Күнүгө миңдеген сом киреше таап жаткан шопурлар элди дагы сыгып жол кирени көбөйтүүнү талап кылууда. Айдоочулар ишин таштап жатышат, ал эч нерсе эмес, жалпы эл чыга турган болсо бийликти шыпырып түшкөнүн көрүп жүрөбүз. Ошондуктан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эл кыйналып турат, элдин айлыгын көтөрөлү анан жол кирени көтөрөлү деген маселеге келиш керек эле. Кызмат машинасы менен жүргөн мэрдин жол кирени көтөргөнү жакшылыкка алып келбесин түшүнгөн Бактыбек Кудайбергеновдун бул позициясы элге жакты. Бирок күз бат эле өтөт, шайлоо да болот, шайлоонун эртеси да болот…
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg