www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт бизнести колдоо үчүн насыя берүүнү улантууда. Шарты

Экономика министрлиги коронавирус шартында жабыр тарткан ишканаларды колдоо иретинде жеңилдетилген насыялар берилип жатканын эске салат.

Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн рыноктогу чектен эки-үч эсе арзан кредит берүү чечимин кабыл алган. Каржылоо июль айында башталган.

Кредитти туризм, мейманкана жана ресторан кызматын көрсөтүү, дүң-чекене соода, жеңил өнөр жайы, текстиль өндүрүшү, кийим, бут кийим, тери жана башка тери буюмдарын өндүрүү, фармацевтика өнөр жайлары, жүк ташуу, транспорттук кызмат көрсөтүү, өндүрүштүк жана кайра иштетүү тармактары ала алат.

Кредит алууну каалаган ишкер КР резиденти, Мамлекеттик салык кызматынан жана Социалдык фонддон каттоодон өткөн тарап болушу шарт.

Кутулуу мөөнөтү — бир жылдан беш жылга чейин. Жылдынк үстөк 4 пайыздан башталат. Ишкерлер бизнесинин көлөмүнө жараша 150 миң сомдон 30 миллион сомго чейин алса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости