www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы онлайн брифингде буга чейин жаңы ооруканалар эмне үчүн салынбаганынын жөн-жайын түшүндүрдү. Өкмөт башчы мурдагы транзиттик базада ("Ганси") ачылган "Семетей" обсервациясын госпитал кылып даярдоо туура чечим болгон деп эсептейт.

“Кээ бир мамлекеттер тез аранын ичинде 1000 орундуу оорукана салды. Аны көрүп турдук. Бирок мамлекетибиздин абалына жараша биз өз жолубуз менен баралы дедик. Бүгүнкү күндө "Семетей" обсервациясын заманбап госпиталга айланттык”, - деди Боронов.

Пандемия күчөп турган июль айынын башында коомчулук жаңы оорукана салбаганы үчүн бийликти кескин сынга алган. Бейтапканаларда орун жетпей айрым адамдар оорукананын короосунда көз жумган учурлар катталган.

Учурда өкмөт Бишкек жана Ош шаарларында ар бири 100 орундуу эки оорукананы куруу иштери ушул аптада башталарын жарыялады. Ооруканалардын ар бири 100 бейтапка ылайыкталып, анын ичинен 25-30у реанимациялык орун болору пландалып жатат.

Республикалык штабдын 21-июлдагы отурумунда өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылары дагы кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости