www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар өзүнө керектүү маалымкаттарды Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан аралыктан туруп ала алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов өлкө башчынын «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кол койду.

Кыргызстандыктар «Документтерди талап кылуу» («Истребование») автоматташкан маалыматтык системасы аркылуу төмөнкү документтерди ала алат:

салыктар боюнча карызы тууралуу;

пенсиясы тууралуу;

камсыздандырылгандыгы тууралуу;

үй-бүлөлүк абалы тууралуу;

соттолбогондугу тууралуу;

айдоочулук күбөлүгү, билими тууралуу аттестаттардын аныктыгын такстыктай алат.

Электрондук маалымкатка ошол мамлекеттеги консулдук кызматтын өкүлүнүн электрондук кол тамгасы коюлат. Кол тамганын жасалма эмес экенин билүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин сайтына кайрылса болот.

Маалыматкатты алуунун чоо-жайы айтылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости