www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата-Мекен" фракциясынын тизмеси боюнча шайланып келген Атазов Шайлообек Карыбекович депутат катары ант берди.

Эскерте кетсек, Шайлообек Атазов мурдагы депутат Искандер Гайпкуловдун ордуна келди. Шайлообек Атазов Кыргызстандагы көрүнүктүү инсандарды бири. 

Эске сала кетсек, Атазов Шайлообек Карыбекович 1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Учар айылында туулган.

Эки жогорку билимдин ээси, депутаттык тажрыйбасы бар жана спорт тармагында аты белгилүү кыргыздын патриот жигиттеринин бири.

Шайлообек Атазов спорттун мыктысы катары таанымал. Спортто жараткан ийгиликтери арбын. Ал КРнын Дене тарбия жана спортунун отличниги. Кикбоксинг боюнча Дүйнөнүн, Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону. Бир нече Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Соңку он жылдан бери спорт тармагында машыктыруучу катары жаш улан-кыздарды машыктырып, дүйнө чемпионаттарына чыгарып келет.

Ш.Атазов спортто гана эмес, саясатта да өзүн көрсөткөн жигит.

2010-2012-жылдары жана 2011-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин эки жолу депутаты болуп, жемиштүү иштеди, өзүн көргөздү.

2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын катарында парламенттик шайлоого аттанган.   

Кесиби: юрист жана финансист. 1996-2001-жж. Ош Технологиялык университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча, 2014-2017жж. Ош Мамлекеттик университетин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 2007-жылы Ош шаарында Спорт боюнча комитеттин алдындагы №2 ДЮСШ директорлугунан баштаган.

2010-ж. Бокс жана оор отлетика боюнча спорт мектебинин директору

2011-ж. Автопарк боюнча дирекциянын директору

2012-ж. “Ош-Тазалык” МИнын жетекчиси

2013-2014-жж. Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт агенттигинин директору

2010-2015-жылдар аралыгында Ош шаардык кеңешинде эки мөөнөт депутат болгон.

2018-жылдан бери карай Бишкек шаарындагы “Ерем” спорт клубунун башкы тренери болуп иштеп келет.

Мамлекеттик жана ведомстволордон алган сыйлыктары:

2004-2006-2008-2012 – жж. Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасын;

2005 – ж. Жаштар саясатын өнүктүрүүдөгү салымы үчүн Ош обл.администрациясынын Ардак грамотасын;

2006 – ж. Кара-Суу районунун “Жылдын адамы” аталган.

2008 – ж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Өкмөттүн алдындагы ФКиСпорт агентигинин Ардак грамотасынын ээси;

Ошол эле 2008 – ж. КРнын Дене тарбия жана спортунун отличнигин алган.

2011 – ж. Мусулмандар Дин башкармалыгынын Ардак грамотасын;

2014 – ж. Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын;

2014 – Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасына, ж.б. сыйлыктарга татыган.

Шайлообек Атазов адамгерчиликтүү, жумушуна так, жоопкерчиликтүү мамиле кыла билет. Коомдук иштерге активдүү катышат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып баруу – анын башкы максаты.

Үй-бүлөлүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости