www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызматы жоюлуп кеткен Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев Facebook баракчасы аркылуу билдирүү таратты.
"Урматтуу достор, кече күнү Финполдун коллективи менен коштошуп, алар узатышты. Колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып, өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыраазымын. Финполдун төрагасы катары элим, жерим жана өлкө үчүн таза-так иштегенге аракет кылдым.
Эч жерден пара опузалап же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 миллион сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп жаттык эле.
Баары оңой эмес. Мен акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп жүрүп, кант диабетим көтөрүлүп кетти. Дарыгерлер карап жатышат, нерв болбош керек экен, үйдө жатам. Ден-соолук болбосо эч нерсенин кереги жок экен.
Достор, акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү. Эмне жок, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер көп. Мен мамлекеттик кызматкер катары митингге чыгып, өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем", - деп жазылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg