www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Жыйында Депутат Дүйшөн Төрөкулов абакта отурган кезинде кесиптеши Акылбек Жапаровго өзүнүн ордуна добуш берүүгө ишеним катты кантип бергенин айтты.
Эске салак, эки ай мурун УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынына келди. Ал чуу жараткан добуш берүү боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди.
"Ишеним катты Акылбек Жапарвого кагаз жүзүндө бергем. Ал тергөө абагына барган, бирок бизди кезиктирген жок. Анан ошол жердеги кызматкерлер аркылуу берип жибердим. "Мен сизге (Акылбек Жапаровго — ред.) бөркүмдөй ишенем, сиздин чечимиңизге толугу менен макулмун" деп жазып бергем", — деди депутат.
Ал эми кайсы мыйзам үчүн, кандай добуш берүүгө макулдук бергенин сураганда жооп бербей басып кетип калды.
Эске салсак, өткөн жумада референдум өткөрүүгө "макул" деп добуш берген депутаттардын арасында Дүйшөн Төрөкулов да бар экени көпчүлүктү таң калтырып, парламентте талаш жаралган.
Булак: NazarNews.kg