www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт COVID-19 менен күрөшүүгө резервге 2,4 млрд сом бөлдү

Экономика жана финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик бюджеттик резервге 2 млрд 400 млн сом өлчөмүндөгү каражат каралды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул каражат күтүлбөгөн чыгымдарды, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал олуттуу начарлап кеткен учурда каржылоого каралган.

Мындан тышкары, Өкмөттүн буйругу менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медиктерге жана илдеттин очогунда иштөөгө тартылган жактарга кенемте төлөөгө 500 млн сом суммасындагы каражат бөлүнгөн.

Ошондой эле өкмөт Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, башка министрлик жана ведомстволорго COVID-19га каршы күрөшүү үчүн каражат чогултуу жаатында донорлор менен иштөөнү күчөтүү милдетин койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости