www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 3-апрелинде Түркиянын Хатай шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Хатайдын Соода-өнөр жай палатасында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүү (либералдуу салыктар, бизнес жүргүзүүгө чыгымдар ж.б.), макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана Кыргызстандын тышкы соодасы тууралуу презентация жасалды.

Элчи Өмүралиев ишкерлерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, ошондой эле алардын суроолоруна жооп берди. Жолугушууга Хатай провинциясынан Түркия Улуу Улуттук жыйынынын депутаттары катышты.

Ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачууну жана өлкөнүн экономикасына инвестиция салууну каалаган Хатайдын Соода-өнөр жай Палатасынын ишкерлери менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү.

 Жолугушуунун жыйынтыгында ишкерлер Кыргызстанга ушул жылдын июнь айында Хатай шаарынын мэри менен келүүнү каалашкандыгын билдиришти.

Иш сапардын алкагында Хатайдагы Антакья жана Искендерун муниципалитеттеринде жайгашкан "ЭКСПО 2021" Хатай көргөзмө жайларына дагы зыярат кылынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости