www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 17 миллион доллар алат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каражаттын жарымы (8,5 миллион доллар) кредит, жарымы грант түрүндө берилери айтылат. Долбоор «Үчүнчү айылдык инвестициялар долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (COVID-19 менен күрөшүү)» деп аталат.

Насыя алуу боюнча келишимге экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.

Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө (экономикалык инфраструктуранын объектилерин каржылоо, киреше алып келүүчү долбоорлор) жана айылдарда алгачкы медициналык-санитардык жардамга, ошондой эле гигиенага жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости