www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Стамбул шаардык соту түрк-армян журналисти Грант Динкти өлтүрүүгө айыпталган дагы төрт адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Сот чечимине ылайык, Стамбул полициясында бир кездери жогорку кызматты ээлеген Рамазан Акйүрөк, анын орун басары Али Фуат Йылмазер, полициянын мурдагы кызматкерлери Явуз Каракая жана Мухаррем Демиркале өмүрү өткөнчө абакта кармалат.

Армян-түрк тилинде чыккан «Агос» гезитинин редактору, 53 жаштагы Динк 2007-жылдын 19-январында Стамбулда чак түштө өлтүрүлгөн. Ал 20-кылымдын башындагы армяндардын массалык кырылышын “геноцид” деп атап келген.

Буга чейин журналисттин өлүмү үчүн 17 жаштагы Огун Самаст кылмышты жасаганын мойнуна алып, 2011-жылы 23 жылга абакка кесилген. Ал эми кылмышка буйрук берген түркиялык улутчул Ясин Халалдын күнөөсү далилденген соң өмүр бою абакка кесилген.

2010-жылы Европадагы Адам укуктары боюнча сот Грант Динктин ой-пикир билдирүү эркиндигин сыйлап, анын өмүрүн сактап калбагандыгы үчүн түрк бийлигин "жооптуу" деп тапкан. Анын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости