www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Өкмөтү курттаган ун тууралуу төмөндөгүдөй жооп берди.

"Урматтуу кесиптештер, достор!

Өкмөт тараткан ундун ичинен курт чыкты деп маалыматтарды жазып, бөлүшүүдөбүз. Бул маалыматты мен сыйлаган журналист агам акырын иним ушундай болуп жатыптыр, карап коесуңарбы, мына байланыш номуру, дареги деп личикама жазып койду ызы-чуу кылбай, жарыялабай эле. Ал маалыматты тийиштүү кызматкерлерге салып, тактоо үчүн жөнөттүм. Эртең таң атпай териштирип, жообу берилет. Беш кол тең эмес, кемчиликтер да болот ар бир иште. Күнөөлүүлөр болсо жазасын алышат, эгер тастыкталса ун кайра берилет, кечирим суралат. Өтүнүч, түшүнүү менен кабыл алсак", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, 6-апрелде социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын материалдык резервдер фонду тарабынан берилген ундун ичинен майда курттар чыккандыгы тууралуу видео-тасмасы тарап кеткен.

Эске сала кетсек, 2-апрелде Кыргыз Өкмөтүнүн сайтында: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратуу үчүн өлкө аймактарына жеткирилип, таратылууда. Биринчилерден болуп Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Ош шаарына  жеткирилди. 

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 790 тонна унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустардагы кампаларга жеткирди.

2020-жылдын 2-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн Бишкек шаарынын мэриясына 257 тонна, Ош облусуна 205 тонна, Жалал-Абад облусуна 250 тонна жана Ысык-Көл облусуна 80 тонна ун берилди.

Мындан тышкары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду күнүнө 200 тоннага жакын унды аймактарга жөнөтүп турмакчы. Бул үчүн фонддун капмаларында буудай жана ун жетиштүү көлөмдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бөлүнгөн ун атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин  негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө", -деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости