www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүчү жүк ташуучулардан COVID-19 дартын текшерүү чаралары күчтөндүрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө чек арадан өтүп жаткан бардык алыска жүк ташуучулар экспресс-тестирлөөдөн өткөрүлүүдө. Дарт аныкталган учурда айдоочулар ПЧР-анализдин жыйынтыгы чыкмайынча обсервацияга жаткырылат. 

«Жүк ташуучу унаалардын биздин чек аралар аркылуу мындан ары тоскоолдуксуз өтүүсүн жана азык-түлүк жана башка зарыл товарларды өз мөөнөтүндө жетирилишин камсыздоону улантуубуз керек.  Бирок бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыздоо максатында жүк ташуучулар үчүн кыйынчылыктарды жаратпастан, бул багыттагы ишти көзөмөлгө алууну күчөтүү керек. Өзгөчө көңүлдү жүк ташуучулардын андан аркы аймактар аралык кыймылына буруу керек. Тилекке каршы, үй карантининде отурууга милдеткер болгон жактар башка адамдардын жашоосу үчүн тобокелдик жаратып, ишин уланткан учурлар бар. Ошондуктан алыска жүк ташуучуларды текшерүүдөгү аракеттердин алгоритми алардын ордун, ПЧР-анализдин өткөрүлүшүн жана обочолонуу талаптарынын аткарылышын жана жүк жеткизилген соң, анализдин жыйынтыгы анык болмоюнча байланышты чектөө талаптарынын аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү күчөтүү тарабына өзгөртүлөт. Алар биздин көзөмөлдөн чыкпоого тийиш», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов. 

Мындан тышкары жыйында Саламаттык сактоо министирлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер талкууланды. Инфекция чыккан жерлерде үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүү уланууда. 

Тармактык мамлекеттик органдарга Кыргызстандын аймагына жүк ташуулардын кирүүсүн жана андан аркы жүрүүсүн көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу тапшырылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости