www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт кетсин анда...

1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн отставкасын талап кылды. Депутат: “Эки үч ай мурун “Дыйкан” базары жөнүндө маселе көтөрдүм эле биз аныктама чыгарып комиттетин токтомун өкмөткө жөнөткөнбүз. Өкмөт болсо базарды жаап салды. Мейли жапса жапсын мага десе ак үйдүн алдына келип ачсын бирок, соттун чечими менен жаап соттун өкүмү менен ачсын да. Президенттин жарлыгы Эркин Тоого чыккандан кийин күчүнө кирет эмне үчүн өкмөттүн аппаратынын протоколдук ташырмасы жарым саатта күчүнө кирет да, милициялар барып туруп ур токмоко алып жарымысын сабап, жарымысын камап, салат.

Бул деген өкмөттүк рейдерлик. Бакиевдин убагында да мындай болгон эмес да. Мындайга мүмкүнчүлүк берилеген эмес”-деди. Ошондой эле эл өкүлү муну ме­нен катар “Дыйкан” базарынын жабылыш менен мамлекетке 79 млн сом зыян келээрин айтты. “Эсептөө палатасынан акт алдым базарды жапканда мамлекетке 79 млн сом зыян келет экен.

Элди кубалап чыгып туруп эки квадрат жерге тыгып салдыңар өкмөт мындай рейдерлик саясатын токтотсун. өкмөт ушундай саясат жүргүзөөрү ачыкка чыгып калды. Өзүнчө топ бар экен бар экен рейдерлик басып алуу кылып бирөөнүн мүлкүн тартып алган эгер мындай жол менен кете берсе мен өкмөттүн от­ставкасын талап кылам"-деп кошумчалады депутат

Белгилей кетсек, ‘Дыйкан” базары 24-майда нефть базага жакын жайгашкандыктан адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратып кокус өрт чыгып кете турган болсо, базарда кошумча кирип-чыгуучу жол жок жана бул оор жоготууларга алып келиши мүмкүн деген себептер менен жабылган.

Булак: "Кабар инфо"

Последние новости