www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн, өзгөчө Кыргыз Республикасынын чет жакта жүргөн жарандарынын арасында суроо-талап жогору түрлөрүнүн баасы бир кыйла төмөндөтүлдү.

2006-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн анкета толтуруу жана маалыматтарды иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүктөрдү тариздөөгө, никеге турууну каттоо жана никелешүү тууралуу күбөлүк берүүгө, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды каттоо жана тариздөөгө, туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө жана нотариалдык аракеттерге болгон баалар төмөндөтүлдү.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости