www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми» номинациясы боюнча «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кинематография департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Фильмдин дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхайда өткөн эл аралык фестивалда болгон. Тасма Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.

«КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты кинокартинасы» наамына Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандагы режиссёрлордун эмгектери да ат салышары айтылды.

«Ника» киносыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү – Юлий Гусман. Киносыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.

«Шамбала» фильми буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости