www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда учурда курулуп жаткан Түндүк – Түштүк альтернативалык жолун кылмышкерлер "Түндүк каттам" ооган баңгизаттарынын трафигинин жаңы бутагы катары пайдаланылышы мүмкүн.

Бул тууралуу Ош шаарында өткөн маңзат жана психотроптук заттарды көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин жыйынында коопсуздук боюнча вице-премьер Жеңиш Раззаков билдиргенин өкмөттөн "Азаттыкка" кабарлашты.

Маалыматка ылайык, вице-премьер мындай коркунучка аталган жолдун боюнда калктын сейрек жайгашканы жана бул жолду көзөмөлдөгөн укук коргоо органдарынын аз болгону менен түшүндүргөн. Буга байланыштуу мындай жагдайга жол бербөө үчүн азыртадан аракет көрүү зарылдыгын Раззаков эскертти.

Ошондой эле өкмөт өкүлү өлкөнүн түштүк аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча абалды талдоого убакыт келгенин белгилеген.

Кыргызстан маңзат сатуу боюнча транзиттин боюндагы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европа жана башка аймактарга ташылары айтылып келет.

Бир килограмм ооган апийими Кыргызстанда 2 миң долларга чейин, Казакстанда 12-15 миң долларга, ал Орусияга жетсе 25 миң долларга чейин сатылары эл аралык отчеттордо айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости