www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилди. Бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан эгини алынып келинди. Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок.

Последние новости