www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл өкүлү Айнура Аскарова: «Өкмөт мектептерди куруу жаатындагы көйгөйлөрдөн дагы эле арыла албай келет. Мисалы, Сокулук районундагы Каракеев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу 60-70 пайызга бүтүп калган, азыр эмнегедир токтоп калды. Ушул кантип болсун?
Өкмөт улам бир мектептин курулушун баштап коюп, баштагысын таштап коюп, жалаң пиар менен алектенип калды. Мындай жосунду токтотуш керек. Азыр алардын аягына чейин чыгарылаар-чыгарылбасына ишеним болбой калды. Андан көрө курулушу мурда башталган мектептердин имаратын а дегенде аягына чейин бүтүрүп, андан кийин жаңысын баштабайсыңарбы. Ошондо биз балдарды окутууга даяр мектептерге ээ болот элек» - деп ташка тамга баскандай айтты. Бул тууралуу "Фабула" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg