www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев деле кимдир бирөөлөрдү сыйлаганга жакшы адам болгон. Атамбаевдин жана жубайы Раиса Минахмедовнанын колунан дайыма сый тамак ичип, айылдык депутат болуп жүрүп Чүйгө губернатор болгон, андан 30 миллион долларды “омийн” кылган “Кыргызалтынга” барган эргул Абдырахманов болгон. Сооронбай Жээнбековду СДПК президентке талапкер кылганда каршы чыккан да ушул. Адамдар ортосунда от жагуу илимин Кыргызстанда жок деп айтууга болбойт. От жагуу «илиминин доктору», кырды бычак кылуу боюнча «академик» Сагынбек Абдрахмановго окшогондор бар. Байыркы Римде деле бийлик үчүн катуу салгылаш болуптур, ошол жерде Марк Юний Брут деген «заговорщик» Юлий Цезарды бычак менен союп, бийликти алган.

 

Бруттан коркунучтуу ким бар?

Албетте, Сагынбек Абдрахмановду Брутка теңеп болбойт. Эмнеге, биринчиден  Сагынбек Абдрахманов атаандаштарына миллион ирет бычак урсун, ал Сагынбек Абдрахманов бойдон калат. Эл ичинде пирамида сыяктуу жасалма кадыр-баркынын бир бороондук гана алы бар. Сагынбек Абдрахмановду керек кезде колдонуп турушуп, «одноразовый» байпак сымал ыргытып кетери белгилүү болуп турат. Бирок Брут менен окшоштугу бар, анткени Кыргызстанды бүлүндүрүү операциясы менен ал Бруттан да коркунучтуу, Бруттан да ашып кетет. Рим империясында алы жетпей калганда «Разделяй, властвуй» деген принципти бекем тутушкан. Бул деген эмнени билдирет? Колуңан келбейби, анда тиешелүү жерлерди өзүңө ал да бийликти жүргүз деп жатат. Сагынбек Абдрахмановго тиешелүү жер Чүйбү? Кызык, деги Сагынбек Абдрахманов деген адам бар экенин КСДПдан башка ким билчү эле? Сагынбек Абдрахманов КСДПга партия даяр болгондон кийин элди көтөрөйүн деп келди дейсиздерби? Ал өз карьерасын көтөрүү үчүн гана бул партияга киргени ачык болуп турбайбы. «Разделяй, властвуй» деген принцип да ошол аймакка баркы бар адамдар үчүн түзүлгөн. А дегенде эле айталы Сагынбек Абдрахмановдун Чүй облусунда баркы барбы? Бирөөнү жамандоонун, каралоонун профессору Сагынбек Абдрахмановдун өмүр жолуна саресеп салып көрөлү.

 

Алтынды сүйсөң алчактайсың

 Сагынбек Абдрахманов басса турса, уктап жатса да түшүнө алтын  кирген акчанын кулу. Мурдунан чимкириги куюлуп жүргөндө эле  алтын десе акактап калчу экен, алтын  деп койсо Америкага жөө безип кеткен неме. Ойлогон оюу, көп жылдан күткөн тилеги ишке ашып, ал ШМКыдан токарь болуп чыгар менен Өзбекстандын Зарафшанына безип барып алтын казып алчу заводго орношот. Кийин Уралдын алтын чыгаруучу окуу жайын бүтөт да, кайра эле Өзбекстандын Навои деген шаарындагы алтын чыгаруучу заводго безеленет. Анын аталарынын Абдрахман деген ат алышында жана Өзбекстан, алтын дегенде жата кала турган адаты бир нерседен шек туугузат. Илгери Байтик баатыр палоо демдеп берсин деп, өзбек тараптан бир араба сартты алдырган, деги Абдрахман аксакалдын ошолор менен илинчеги жокпу?

Чындыгы аны ким билиптир, Сагынбек Абдрахмановду Өзбекстандын Зарафшаны менен Навоисинен  башка ким билген. 2010-жылы КСДП лидери аны мурдунан жетелеп келип кечээки эле айылдык, Аламүдүн райондук деңгээлдеги депутатты Жогорку Кеңешке алып келет. Анысын эл көп деле жактырган эмес. Дал ошол жылы  Бакиевдик бийликти жапжалгыз кетиргендей Сагынбек Абдрахмановдун эрдиги өтүп кеттиби же башка себеппи 2010-жылы 7-апрелинде бийлик алмашып кетип, аны түз эле Чүйдүн губернаторлугуна коюшат. Кандай губернатор болгонун ким билет? Эл оозу элек дейт, эл оозунда Аламүдүндүн алкынган жигиттеринин бири Тургунбек Кулмурзаевдин төбөсү чыгып көрүнүп, Сагынбек Абдрахманов тууралуу сөз да болгон эмес. Ооба, ал кезде Чүй облусунун мурунку губернаторлорунун бири Тургунбек Кулмурзаевди «серый кардинал» катары Чүйдүн супер –губернатору дешип, Чүйдө маселе болсо ошого барышчу. Анда эмнеге алтынды сүйгөн Абдрахмановду Чүйгө жетекчи кылышкан. Көрсө бул орун «Кыргызалтынга» секире турган «трамплин» гана болуптур.

 

Алтынга тойгон адам каякка ээлигет?

«Кыргызалтынды» кыйгач карап канча кылтыңдаганын ким билет, ошол жерден көчүгү чыкпай бир топ отуруп, далайды күйшөп калды окшойт. 30 миллион доллар тууралуу кептер жүрөт,анын чын-бышыгын такташ керек. «Атың чыкпаса жерди өрттө» -деген акыл сөз майдай жагып, 2017-жылы май айында ал кезде КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Шариповичке каршы альтернативдүү талапкердигимди койом деп дөөгүрсүп чыкты. Сагынбек Абдрахманов альтернатива деген эмне экенин деги түшүнөбү? Сооронбай Жээнбековго салыштырмалуу анын партияда, коомдо кандай салмагы бар эле? Сооронбай Жээнбеков бул партияны түптөп, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, өйдө болсо өбөк болуп, ылдый түшсө тирек болуп, экономиканы чагып, эл алдында жаркын жүзү менен  келечек президент катары ал кезде Сагынбек Абдрахманов менен эмес Өмүрбек Бабанов менен, Адахан Мадумаров менен президенттик шайлоодо альтернатива боло турган адам эле.

Ал эми «Казга теңелем деп, карганын буту сыныптыр» -дегендей, Сооронбай Жээнбековго альтернатива болом деген  Сагынбек Абдрахманов 2017-жылдын 9-августунда КСДПнын катарынан чыгарылган. Сагынбек Абдрахманов мындан да саясат жасап бул иш Раим Матраимовдун гана колунан келди деп жар салганы бар. Сагынбек Абдрахмановдун коюлган кине КСДПнын 16- курултайынын чечимин аткаруудан баш тарткан.

 

 КСДП Сагынбек Абдрахмановдуку эмес, элдики

КСДП совет мамлекети тараган 90-чу жылдардын башында Акаевдик бийликке каршы түптөлгөн партия. Бул партияны фундаментин курууда Жумабек Ибраимовдун, Амангелди Муралиевдин, Жумабек Асанкуловдордун эмгеги бар. Жумабек Ибраимов премьер-министр болуп келгенде Акаевдик гүлдөп жаткан коррупцияга каршы чабуулун жасап, мага чоң кызматка кой дешип, миллиондорду сунуш кылды, бирок менен албайм деп ачык айткан. Ал иштеринин акырыныа чыга албай кетти. Бирок анын ишин Амангелди Муралиев улантты. Ал ошол мезгилде отуруп калган экономиканы көтөрдү.

Кыргызстандын  үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи президенттигине КСДПнын мүчөлөрү шайланган. Баса белгилеп кетсе да болот КСДПнын түптөлгөндөн баштап Кыргызстандын төртүнчү жана бешинчи президенттери ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатышат. КСДП чыккан кезде алтын бизнеси менен аңкилдек атып жүрүп 2000-жылдан 2008-жылга чейин айылдык кеңеш менен Аламүдүн райондук кеңештин депутаты болуп жүрүп, 2010-жылы кимдир бирөөлөрдүн көмөгү Жогорку Кеңешке КСДПнын аркасы менен депутат болуп келип, кимдир бирөөлөрдүн колдоосу менен тез эле Чүй облусунун губернаторлугуна жеткен Сагынбек Абдрахманов көп жылдан бери «Ичкен ашына түкүрүп келатат».

Сагынбек Абдрахмановдун өзүнүн жеке пикири боюнча КСДП ага тиешелүү партиядай ошонун негизинде,  ушул партияны уюштургандарды тазалайм деген ойго жетеленип, бир –эки жетеленме адамдарды топтоп, КСДПга, анын лидерлерине каршы жалган ушакты таратууда. Чүй облусунда уставдан тышкары КСДПнын курултайларын өткөрүп ушул партияны уюштургандарды партиядан чыгарууну көздөп жатат. Аны ээрчигендер кечээки эле ушул партияга таарынгандар. Балким парламенттик шайлоого чейин дагы бөлүнөр. Биздин Кыргызстан бөлүнүүнүн эмес, биригүүнүн символу боло турган убакыт бышып жетилди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости