www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева күндүзгү стационарларды текшерип, ал жактарда канча орун даярдалганы тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.
Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева күндүзгү стационарларды текшерип, ал жактарда канча орун даярдалганы тууралуу маалымат алды
Белгилей кетсек, кечээ Мозгачева Арча-Бешик конушунда жайгашкан "Газпром" спорт комплексин, Чокморов көчөсүндөгү №8 бала бакчасын жана Профессор Зима көчөсүндөгү №81 мектептин базасындагы стационарга барган эле.
Ага ылайык, "Газпром" спорт комплексинде 64 орун беленделип, 13 кычкылтек концентратору коюлган. №81 мектептин базасында 40 орун даярдалган. Ал жакта сегиз кычкылтек концентратору жайгашкан. Ошондой эле №8 бала бакча 30 орунга ылайыкташып, беш кычкылтек концентратору берилген.
"Бардык стационарларда медикаменттер менен жеке коргонуу каражаттарынын запасы камдалды. Буга чейин күндүзгү стационарлар жабылып жатканда жабдыктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды кылдаттык менен сактап койгонбуз. Ал эми медиктердин командасы министрликтин алгоритми боюнча коронавирусту дарылоого даяр", — деп айтылат билдирмеде.
Өкмөттүн маалыматына караганда, сентябрдын аягында эл массалык түрдө вируска кабыла баштайт деген божомол бар. Бийлик жарандар санитардык жана гигиеналык нормаларды сактабай жатканын белгилөөдө.
Булак: NazarNews.kg