www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокат районундагы ВИЧ оорусу менен ооруган жарандардын абалы бүгүнкү күндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.
Депутат Махабат Мавлянова Ноокат районунда ВИЧ оорусу менен оруган жарандардын азыркы абалы кандай, мамлекет тараптан кандай жардамдар көрсөтүлүп жатканын эл өкүлүнөн сураган.
“Ноокат районунда вич оорусу боюнча баардыгы 130 бала катталган. Бүгүнкү күндө 16 бала каза болду. Аларга мамлекеттен жардам берилип жатат. Бардык анализдери, 3 айда бир тапшыра турган анализдери бекер. Ошондой эле глобалдуу жана эл аралык балдарды коргоо (ЮНИСЕФ) уюмдары тарабынан ВИЧ инфекциясын алып жүргөн балдарга жыл сайын лагерге, көлгө алып барып келгенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айыл өкмөттөр дагы 1000 сомдон 5000 сомго чейин жардам берип турушат. Эң негизгиси балдарга 18 жашка чыккандан кийин жер берилет деп чечим чыгарылган. Азыркы дарылары жетиштүү санда, балдар окуп жатышат. Ден соолуктары дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө”,-деп билдирди эл өкүлү.
Буга кошумча Дастан Бекешов чынында жерлерди, кээ бири батир алганын, бирок баардыгы албаганын ырастады.
Расмий маалыматта жугуштуу оорулар боюнча 9218 учур катталды. Анын ичинен 683 бала. Оорунун пайда болушунун негизги себептери наркотиктен жана жыныстык жолу менен жугузгандар 66% пайызын түзөт.
Булак: NazarNews.kg