www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргыз жоокерин Москвадан операция жасатуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев  Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

"Бул маселе көзөмөлдө. Жоокердин апасы менен жолугушуу өткөрүлүп, операциянын эки варианты талкууланган. Бишкекте консилиум болгон. Дарыгерлер операцияны бул жактан жасай алышат. Бирок ата-энеси Москвадан деп суранууда. Чек аралардын жабыктыгына байланыштуу аны Москвага жеткирүү маселеси каралып жатат", - деп Султаналиев жазган.

Эске сала кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда академик Миталип Мамытовдун катышуусу менен Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери онлайн консилиум өткөргөндөн кийин жоокерди дарылоо ыкмасы өзгөртүлгөнүн 22-майда кабарлаган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жарадар болгон үч жоокери - Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости