www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана массалык жок кылуу курал-жарактарын жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалымат алмашуу зарыл.
Мындан тышкары өз ара маалымат алмашуу «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткарууга багытталган.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен зарыл маалыматтарды Финансылык чалгын мамлекеттик кызматына берүүнү шарттаган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин атайын модулун түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Булак: NazarNews.kg