www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саймалуу - Ташта алтын кени бар экенин байыртан эле белгилүү. Лекин, Саймалуу - Ташта алтындан да кымбат байыркы эстеликтерибиз турат. Ошондуктан, мындай баалуу эстеликтерибизди сактап калышыбыз үчүн, “Макмалалтындын” алтын кени түгөнсө да коомчулук Саймалуу-Ташка кол тийгизбей сактап турган. “Бузулган машинадай болгон” Бусурманкуловдун  өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарлыгына келиши менен Саймалуу-Таштын баалуулугуна кол шилтенди, кыргыз эмес дүйнөгө баалуу эстеликтерибиз алтын казып алуу үчүн кытайлыктардын колуна өттү дешет.

Бекер жерден сөз чыкмак беле, “Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр” – дешет, өкмөттүн аппарат жетекчисинин өзүм билем орун басары минтип жатса, алкымы кенен өкмөт башчысы Абылгазиев колун ушалап, Саймалуу-Таштан бирдеме ооз тийип калам деп сүйүнүп жатса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости