www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жана айылдарды калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн 3 эсеп ачылган, деп билдирди экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков «Биринчи радионун» эфиринде.
Анын айтымында, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 7-майга карата 56 млн 231 миң сом келип түшкөн.
ӨКМдин эсебине 1 млн 674 миң сом которулган.
Ал эми үчүнчү эсепке 5-майга карата жарандар 7 млн 650 миң сом которушкан.
Булак: NazarNews.kg