www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Панфиловдо 10 бүтүрүүчү жер тилкелүү болушту

Чүй облусунун Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жетим, жарым жетим жана кароосуз калган балдардын жатак мектебинин 10 бүтүрүүчүсү турак жай куруу үчүн жер тилкелүү болушту. Бул тууралуу жатак мектептин директору Раимбек Усупбаев билдирди.

Маалым болгондой, жатак мектепте 243 бала билим алат. Алар ысык тамак жана жатакана менен толук кандуу камсыздалган.

"Жатак мектепте учурда 243 бала билим, тарбия алышат. Аларга кесиптик багыт берүү максатында жыгач устачылык, тигүүчүлүк, чач тарач, ашпозчу жана башка түрдүү ийримдер акысыз иштейт. Ден-соолугун чыңдоочу атайын спорттук жайларда ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Мамлекет тарабынан камкордукка алынган, өзгөчө жетим балдардын келечеги бизди көп жылдардан бери тынчсыздандырып келген. Чындыгында, жатак мектепти бүткөн соң, атайын жолдомо менен түрдүү окуу жайлардан билим алат деңизчи. Бирок, үй-бүлө күтүп, турак жайлуу болуу маселеси да бар. Ошондон улам, жетим балдарды турак жай куруу үчүн жер тилкеси менен камсыздоо маселеси мындан 8 жыл мурда көтөрүлдү. 2015-жылдары Кувейт мамлекетинен жатак мектепке өкүлдөр келишти. Аларга окуу жайдын толук шарты менен тааныштырдым. Алар: "Бул балдар мектепти бүткөн соң кайда барышат?" дешип, собол ташташты. Мен балдардын бара турган жери жок экендигин түшүндүрдүм. Ошондо "жер албайсызбы? Биз демөөрчү болуп үй салып берели" дешти. Мени да көптөн бери түйшөлтүп жүргөн соболдун чырагы жанды. 2018-жылдын башында райондук прокуратуранын өкүлдөрү жатак мектепке гуманитардык жардам алып келишти. Ошондо жетим балдарга жер тилкесин алуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Прокуратура кызматкерлери демилгени кубаттап, балдар үчүн ар тараптуу жардам бере турганын билдиришти. Ошентип, алардын колдоосу менен жана райондук мамлекеттик администрациянын, Курама айыл өкмөтүнүн жакындан көрсөткөн көмөгү аркылуу 2018-жылы 1 балабыз турак жай куруу үчүн жер тилкелүү болду. Алардын саны артып, жакшы демилге колдоо таап, райондун прокурору Мелис Калматовдун түздөн-түз көмөгү менен бүгүнкү күндө 10 жетим бала жер тилкелүү болуп отурушат. Жетим балдардын жер тилкелүү болушуна жардам берген райондук прокуратурага жана жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдиребиз", - деди жатак мектептин директору.

Ал эми мектептин бүтүрүүчүсү Таалайбек уулу Адилет: "Мына, Курама айыл аймагынан 10 балага турак жай куруу үчүн 15 сотыхтан жер тилкеси бөлүнгөнүн күбөлөндүргөн кызыл китептүү болдук. Биз өтө кубанычтабыз. Бизге жардам бергендерге рахмат", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости