www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт алдыдагы 100 күндүн ичинде аткарыла турган планын бекитти.

План президент Садыр Жапаровдун жарлыктары менен премьер-министр Улукбек Мариповдун министрлерге койгон тапшырмаларынын алкагында түзүлгөн.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, белгиленген долбоорлор менен программалар бюджеттин эсебинен жана донорлордун колдоосу менен ишке ашат.

План калк үчүн жагымдуу шарт түзүү, бизнес, коомчулуктун актуалдуу суроолоруна реакция кылуу, бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу сыяктуу блокторго бөлүнгөн.

Документте 50 иш-чара камтылган.

Пландагы негизги маселелер:

Өзгөчө статус берүү маселесин эске алуу менен Баткен облусунун өнүктүрүү программасын кабыл алуу. Анын ичинде инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү дагы бар (1-июнга чейин);

1-майдан 31-августка чейин Кыргызстандын жарандарынын айрым категориясына акысыз ID-карт берүү боюнча улуттук кампания өткөрүү;

2020-жылдын үлгүсүндөгү электрондук жалпы жарандык паспортторду, электрондук ID-карттарды, электрондук айдоочунун күбөлүгүн, транспорттук каражатты каттоо жөнүндө электрондук күбөлүгүн ишке киргизүү;

Айрым консулдук кызматтардын баасын 10дон 30 пайызга чейин төмөндөтүү (15-мартка чейин);

Чүй облусунда авто Калкты тейлөө борборун ачуу (1-июнга чейин);

1-майга чейин электрондук ID карталарды, электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорт каражатын каттоо жөнүндө электрондук күбөлүктөрдү киргизүү;

1-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында электрондук паспорт системасын киргизүү жана транспорт каражаттарын электрондук паспорт менен тариздөө;

10-июнга чейин Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жайгаштырылган кызмат көрсөтүү жана тейлөөнүн санын көбөйтүү;

1-июнга чейин Бишкек шаарында ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү анын ичинде экспорттоочуларды тейлөө боюнча көп функциялуу борборду түзүү жөнүндө өкмөттүн чечим долбоорун иштеп чыгуу;

1-мартка чейин жер-жерлерде жаштардын потенциалын өнүктүрүү үчүн 8 пилоттук муниципалитетте жаштар борборлорун ачуу;

10-июнга чейин республиканын 7 айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана кайра калыбына келтирүү;

10-майга чейин бал чарбачылык азыктарын коопсуз өндүрүүгө байкоо жүргүзүү системасын түзүү;

1-майга чейин гуманитардык жардамды эсепке алуунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;

1-апрелге чейин Кыргызстандын аймагынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү;

1-майга чейин жарманкелерди өткөрүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын ар бир районунда атайын бөлүнгөн аянттарды камсыздоо;

1-майга чейин лизинг программасы боюнча "Айыл Банк" ААК аркылуу айыл чарба техникаларын фермерлерге берүү.

Документтин толук тексти менен өкмөттүн сайтынан окуңуздар. Ал жактан иш-чаралардын планын көчүрүп алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости