www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-февралда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушкандан бери социалдык тармакта ар кандай пикир жаралууда. Ал тургай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди оркестр менен тосуп алган деп, шаңыраңдагандар дагы жок эмес. Андыктан кызмат сапарларынын эрежеси тууралуу айтылган Мухтар Шербаевдин оюн ортого салалы.

Үчөө үч түрдүү маанидеги кызмат сапарлары:

1.Официалдуу визит... Протоколго ылайык, мында мамлекет башчысын кабыл алуучу мамлекеттин башкы кызмат адамдары, аскердик ардактуу тизилүү ( военный почёт) менен салтанаттуу тосуп алынат.

2.Жумушчу визит (жумушчу сапар)...

Мында мамлекет башчысын кабыл алуучу мамлекеттин башчысы тарабынан дайындалган официалдуу адамдар тарабынан тосулуп алынат. Аскердик ардактуу тизилүү (военный почёт) колдонулбайт.

3.Сапар алкагындагы визит. (Визиты проездом).

Башка мамлекетке жасалган визиттер арасында жасалчу визиттер. Мындай учурда мамлекеттин башчысы тарабынан дайындалган официалдуу кызмат адамдары тарабынан аскердик ардактуу тизилүү (военный почёт) уюштурулбайт жана мамлекеттердин желектери көтөрүлбөйт.

4.Жеке визиттер...

Бул мамлекеттин башчысынын жеке чакыруусу менен ар кандай иш-чараларга (эс алуу, балык уулоо, туулган күн...) бөтөн мамлекеттин башчысынын сапары. Мында, тосуп алуу каадаларсыз өтөт жана тосуп алуу менен Президенттин Администрациясы тийиштүү кызматтар менен бирге шугулданат...Ошондуктан, ал Президентти тигиндей, муну мындай тосуп алды деген туура эмес, ар бир сапар боюнча эл аралык протоколдор бар, - дейт Мухтар Шербаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости