www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы 68 судья кызматтык жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен 61 судьяга алдын ала эскертүү, экөөнө эскертүү берилген. 4 судьяга сөгүш жарыяланып, бирөө кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Мындан тышкары Тартип комиссиясы тарабынан үч судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.

Мындай маалыматты бүгүн 26-февралда Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нүргүл Бакирова жыл жыйынтыгын чыгарып жатып айтты:

"Жалпысынан алганда көпчүлүк соттор өз ишине берилүү менен ден соолугуна, үй-бүлөсүнө карабай, убактысынын басымдуу бөлүгүн сот ишине арнап, дем алыш, майрам күндөрү да талыкпай иштеп жатат. Албетте бул физикалык жана эмоционалдык жактан өтө оор жумуш. Мындан ары да сабырдуулук менен элибизге ак ниет кызмат кылууга чакырып кетем", - деди Нүргүл Бакирова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости