www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымдай балдарды иштетишибиз керек. Анткени ал бир өзү бүтүндөй элди анын ичинде мен-мен деген аткаминерлерди кошуп. Мындай инсанды каматууга башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы болду балким. Мындай пикирин коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек билдирди.

«Мен бир нерсени ачыктап коюну чечтим. Бул Райымбек Матраимов тууралуу. Менин Матраимов менен эч кандай байланышым жок. Кыргызстанда Райымбек Матраимов менен аралашкан анын акырынан жем жебеген адам жок. Президенттен баштап жөнөкөй жаранга чейин бул адамдын жакшылыгын көрбөгөн адам калган жок. Мен-мен деген байлар менен чоң саясатчыларга чейин Матраимовдон колдоо алышты. Эми ал кыйын күнгө туш келгенде ошолордун баары анын абалын сурап койгонго жарабай турушат. Жок дегенде «Раим аке сабыр кылыңыз! Биз сиздин жакшылыгыңызды билебиз!» деп коюшпайбы?! Же эмне антип айтса эл коррупционерге тиешеси бар экен деп ойлойт дешеби? Бирок тиешең бары чында.

Мыйзам бузган өзү туура эмес. Менимче, мыйзамдын өзү кандайдыр бир оңдоп-түзөөлөргө муктаж.

Экономисттердин айтымында, Райымбек Матраимов камалгандан тартып Дордой базары, Кыргызстанга чет жактан келген товарлардын кыйындашы, анын түзгөн схемасы Кыргызстанга пайдасы зор экен.

Бирок, Райымдай балдарды иштетишибиз керек. Анткени ал бир өзү бүтүндөй элди анын ичинде мен-мен деген аткаминерлерди кошуп бакты. Мындай инсанды каматууга башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы болду балким.

Жакшылыкты эч качан унутпашыбыз керек. Пандемия учурунда Райымбектей эч ким жардам берген жок. Райымдай ким элин бага алат?

Ал эми мен анын ушул убакытка чейин бир да тыйынын алган эмесмин. Колунан эч нерсе келбеген Facebook YouTubeда отургандар аны каралап келди. Райым Матраимов тууралуу элдин ою такыр башка.

Эгерде ушул видеону көрө турган болсоң: Бекем бол! Эч кимдин акысын жеген эмес болсоң адилеттүүлүк баары бир алдыга чыгат. Эң негизгиси элиңе ичиң оорубасын, эл жакшылыкты унутпайт. Эл унутса да Кудай унутпайт! Сен кудай берген ырыскыны бөлүшкөн баласың», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости