www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оксфорд университетинде кыргыз тилин окуткан курс ачылат

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту. Жолугушуу 6-мартта бул өлкөдөгү иш сапардын алкагында өткөнүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөнүнө 32 жыл толгонун эске салды.

«Бул убакыт аралыгында үзгүлтүксүз диалог калыптанып, мамлекеттер аралык байланыш түптөлдү. Бирок ал реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыбайт. Андыктан, кызматташтыкты дагы күчтөндүрүп, соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет. Кыргызстан энергетика, тоо-кен жана туризм жаатында Британиянын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар», – деди. 

Төрага коюлган максаттарга жетүүдө парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин айтып, тармактык комитеттердин, достук топторунун алкагындагы байланыштарды чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Ал Оксфорд университетинде кыргыз тилин окууну каалагандар үчүн курс ачыларын билдирди.

«Байыркы элдердин бири саналган кыргыз калкынын тилин окуткан курстун ачылышы эки тараптуу алакаларды чыңдоодо гана эмес, эл аралык байланышты арттырууда да өзгөчө мааниге ээ. Биз кыргыз тил курсун колдойбуз жана бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз. Келечекте аталган курс тилди гана үйрөтпөстөн, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын таанытууга да көмөкчү болот деген ишеничтебиз», – деди төрага.

Өз кезегинде Улуу Британиянын парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт да өнөктөштүктү өнүктүрүүдө парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, биргешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Элдар Сулайманов, Жылдыз Садырбаева жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер катышты.

Андан соң төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунактын катышуусундагы Общиналар палатасынын жыйынына байкоо салышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости