www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хусилердин кол салуусунан үч киши набыт болду

Кечээ, 6-мартта Аден булуңунда Йемендеги хусилер көзөмөлдөгөн аймактан кемеге баллистикалык ракета менен кол салуу жасалгандан кийин коммерциялык кеменин үч экипаж мүчөсү набыт болду. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.

"Соккуларды Иран колдогон хуситтер жасап жатат жана бул кол салуу ноябрдын орто ченинде эл аралык жүк ташуу жолдоруна чабуул башталгандан берки биринчи адам өлүмү", — деп айтылат маалыматта.

CENTCOM билдиргендей, хуситтер эки күндүн ичинде ушундай беш ракетаны учурушкан. Кечээги ракеталык кол салуу Либерияга таандык Барбадостун желеги астында сүзүп жүргөн True Confidence жүк ташуучу кемесине жасалып, кемеде өрт чыккан.

«Жараланган төрт адамдын үчөөнүн абалы оор. Кол салуу экипаждын бардык мүчөлөрүн кемени таштап кетүүгө мажбурлады. Америкалык башкарылуучу ракеталык крейсер USS Philippine Sea куткаруу иштерине жардам берүүгө аракет кылды. «Индия эсминеци биринчилерден болуп жардамга келди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн айда Британиянын жер семирткич ташуучу Rubymar кемеси хусилер тарабынан жабыркагандан кийин дем алыш күндөрү чөгүп кеткен.

Последние новости