www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашкан.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү милиция кызматкерлери К.М аттуу жаранды текшергенде, жанынан колго жасалган эки бычак табышкан. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (мыйзамсыз курал алып жүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран буга чейин алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жана Ички иштер министрлигиндеги атайын тизмеде “кылмыштуу топтун” мүчөсү катары катталганы аныкталды.

Учурда шектүү эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости