www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Октябрь районунун башчысы Константин Куценконун төрагалыгы астында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда ресторан бизнеси жана көңүл ачуучу мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу 20-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Биз борбордогу эпидемиологиялык кырдаалды жана коомдук тамактануучу жайлардын, кафелердин, ресторандардын жана банкет залдарынын коопсуз иштешинин мүмкүн болгон алгоритмдерин талкууладык.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эпидемиологиялык абал курч бойдон кала берээрин, азырынча олуттуу жылыш байкала электигин билдирди. Азырынча шаар тургундары санитардык эрежелерди так сакташы керек: беткап кийип, кол кап менен иш алып барып, аралыкты сактап жана массалык иш-чаралардан алыс болуусу зарыл” деп айтылат маалыматта.  

Жолугушуунун жыйынтыгында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын СЭИ, Бишкек шаардык мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча борбордук кызматы, райондук администрация жана ишкерлер, ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте жумушчу топ түзүп, банкет залдарынын иштөө шарттарын текшерүү боюнча чечим кабыл алынды.  

Эскерте кетсек, тойкан жана башка көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө дагы эле тыюу салынган, анткени шаардыктардын калың тобу шаардыктар үчүн кооптуу бойдон калууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости