www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 21-декабрына чейин камакта калтырылды. Биринчи май райондук сотунан билдиргендей, соттун 2021-жылдын 23-октябрындагы токтому менен У.К.Аалиевдин баш коргоо чарасы аныкталды. 

Эскерте кетсек, прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Тактап айтканда, ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз пайда табуу максатында алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдалануу менен сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, опузалап, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ пара талап кылышкан.

Бул факттар боюнча Жазык кодексинин 143-беренеси («Кыйноолор»), 320-беренесинин 2-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 326-беренесинин 2-бөлүмү («Опузалап пара алуу») менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

2021-жылдын 21-октябрында Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости