www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Токтогул атындагы Улуттук филармонияда мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди. Ага президент Садыр Жапаров катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Өлкө башчысы Исхак Раззаковдун «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген асыл сөзү коомго суудай сиңип, башкы үлгүгө айланганын белгиледи. «Анын таасын, таамай айткан бул сөзү бүгүнкү күндө дагы негизги урааныбыз болуп келет», — деди президент.

Эч нерседен тайманбаган, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаган.

Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун жөндөмдүүлүгүнүн жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун натыйжасында республиканын билим берүү, маданият, эл чарбасы, экономика, өндүрүш тармактары өнүгүү жолуна түшкөнүн кошумчалады.

Исхак атабыз сөзгө чечендиги менен бирге айткан сөзүнө турган кыраакы жетекчи болгондугу дагы аңыз кепке айланган. «Мындай ар тараптан өнүккөн, жан дүйнөсү таза, сөзү менен иши дал келген, мекенчил, залкар инсандар эл ичинде эч качан унутулбайт», — деди президент.

Белгилей кетсек, Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, анын 110-жылдыгы былтыр белгиленбей, 2021-жылга калтырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости