www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ орун басары Октябрь Урманбетов генерал-майорду алгандан бери өзгөрүлүп, амбициясы ай чапчый баштаганын уктук. Тар чөйрөдө “министр болом” деп төш кагып, шилекейин аянбай чачыратып, дердеңдеп калыптыр.
“Душманды алыстан издебе, колтугуңан чыгат” деп бекер айтылбаса керек. Аныгында, министр Улан Ниязбеков талапка ылайык, жакшынакай эле иштеп атат. Саясый рейтингдер боюнча дайыма алдыда.
Милицияга карата ишенимди тереңдетип, эл менен камыр-жумур кылууга жол чаап, мезгилине жараша өзгөрүүлөрдү көрсөтүүдө. Кыскасы, реформа өз ыргагында жүрүп атат. Мындай шартта Урманбетов “котур ташы койнунда” экенин билгизип койду.
Шефинин ордун аңдып отурганы Кудайга жагабы? Баары эле министр боло бербейт, бул дагы жогору жактын буйругу, маңдайга жазганы да! Баса, кыргызда “Ырысын көтөрө албаган...” деген кеп бар.
Мына ушул жагы Октябрь Урманбетовго бап келишип турат. Оперлер арасында “Бөтөлкө”, “Айыл өкмөт” деген каймана аттары бул эргулга бекеринен коюлбаса керек. Тек жүрбөсө “крышасы”, Сабыр абасы деле жардам бере албай калат го...
Булак: Азия News гезити