www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдын 7-апрелинде бийлик элди алдап өстүрөбүз деп, чөктүрүп кетти. Бийликти алмаштыруу Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү жана анын кошоматчылары үчүн гана пайда болгондой. Бекер жерден: «Революцияны акылдуулар даярдайт, фанаттар ишке ашырат, ал эми пайдасын кемчонтойлор көрөт» деп айтылбаптыр. Кыргызстандын экономикасы артты көздөй кетип ишке ашып келаткан Камбар-Ата сыяктуу долбоорлор токтоп калды. Өздөрү ойлоп тапкан мини ГЭСтер 38 миллион доллар карыз болоуп кутулдук. Убактылуу Өкмөттүн «фавориттер» Батыржан Кадыровду көптүрүп, Ош жаңжалын чыгарууга себеп болду.
Миллионер Атамбаев 2017-жылдын октябрында өкмөт башынан кеткен соң, Бишкектин мэрин сураган, аны Нариман Түлеевке ыйгарып койгон соң, биротоло оппозицияга көчкөн. Миллионер Бабановду 7-апрель алдында бийлик көчүккө тээп, биринчи вице-премьерликтен айдап жиберген. Миллионер Салымбековду Бишкектин мэринен кетирген соң, бийлик кызматка жолоткон эмес. 3-чү парламентке депутаттыгына кайра келген соң, 4-чү парламенттин депутаты болуп туруп, бийликке таарынып Нарындан келгендерди каржылаган.
Бийлик дурманы башты айланта баштап, күнөөлүбү, күнөөсүзбү Атамбаев бийлик башында турганда кылмыш иши козголгондорго назар салып көрөлү. Мунун көпчүлүгүн башында «Бөрк ал десе баш алган» Сапар Исаков турган.
1.Бекболот Талгарбеков, мурунку вице-премьер, айыл чарба министри. «Элдик парламент» түзгөндөн улам жалган жалаа менен камалып, Кылмыш-Жаза Кодексинин бийликти зордук менен тартып алуу деген күнөө менен 295 берене боюнча жана улуттук, расалык, диний жана аймактык жек көрүүнү козгогон деген күнөөгө такап 299-берене менен 14 жылга айыпталган. Бошотулган.
2. Садыр Жапаров, президент. Бийликтин өкүлүн барымтага алган деп күнөөлөнүп 11,6 жылга эркинен ажыратылган.Бошотулган.
3.Төрөбай Койлубаев, саясатчы. Элдик парламент» түздү деген жалган жалаа менен 14 жылга айыпталган. Бошотулган.
4. Акматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурунку спикери. «Кыргызгазды» Газпромго 1 долларга сатканы үчүн соттолуп, соттуулугу жоюлган.
5. Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 1,6 жылга кесилген. Соттуулугу жоюлган.
6. Карганбек Самаков, экс-депутат. Манасты ааламга тааныткан аракети үчүн ич күйдүүлүк менен айып тагылып 10 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
7. Канатбек Исаев, депутат. Коррупцияга шектелип, 12 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
8. Кубанычбек Кадыров, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 12 жылга кесилген. Бошотулган.
9. Өмүрбек Текебаев, экс-депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери. Коррупцияга шектелип 8 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
10. Талант Мамытов, спикер. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп кесилген. Соттуулугу жоюлган.
11. Эрнест Карыбеков,эксперт, бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 20 жылга кесилген. Бошотулган.
12. Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мурунку мэри.Сыртынан 7 жылга кесилген.
13. Учкунбек Ташбаев, геология жана минералдык ресурсттар боюнча Мамлекеттик агентчиликтин мурунку жетекчиси. Кызматтык абалды кыянаттык менен пайдаланган үчүн 5 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
14. Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри. Коррупцияга айыпталып,11 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекетке келтирилген зыяндарды төлөп бошотулган.
15. Урмат Аманбаева, экс-депутат. 9 жылга эркинен ажыратылган. Мамлекетке келтирилген зыяндарды төлөп бошотулган.
16. Бектур Асанов, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 12 жылга кесилген. Бошотулган.
17. Райкан Төлөгөнов, экс-депутат. Мародерчулук фактысы боюнча 2010 жылы 15 жылга эркинен ажыратылган. Камалган эмес.
18. Равшан Сабиров, социалдык өнүктүрүүнүн мурунку министри. 5 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс менен бошотулган.
19. Гүлнара Дербишова, социалдык өнүктүрүүнүн мурунку министринин орун басары. 5 жылга эркинен ажыратылып, мунапыс менен бошотулган.
20. Данияр Нарымбаев,президенттик аппараттын мурунку жетекчиси. Коррупцияга шектелип 3,5 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
21. Хаджимурат Коркмазов, экс-депутат. Коррупцияга шектелип 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
22. Марат Султанов, Бишкек шаардык сотунун мурунку төрагасы. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 10 жылга кесилген. Бошотулган.
23. Дүйшөн Чотонов, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри. Коррупцияга шектелип 8 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
24. Аида Салянова, депутат, экс-Башкы прокурор. 5 жылга эркинен ажыратылган. Жашы жете элек балдары бар үчүн камалган эмес.
25. Дастан Сарыгулов, Кыргыз Республикасынын мурунку мамлекеттик катчысы, бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 4 жылга шарттуу кесилген.
26. Игорь Чудинов, депутат, экс-премьер-министр. Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан.
27. Тойгонбек Калматов, экс-депутат. Бийликти ээлеп алуу беренеси менен күнөөлөнүп 6 жылга кесилген. Бошотулган.
28. Искендербек Айдаралиев, мурунку биринчи вице-премьер-министр. Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан.
29. Арстанбек Ногоев, Бишкек шаарынын мурунку мэри.Сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган.
30. Таалайбек Өмүралиев, мурунку Коргоо министри. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн 5 миллион сом айып тартып, генерал-майор наамынан ажыраган.
31. Нурлан Мотуев,саясатчы, «Террористтик ишмердүүлүктү ишке ашырууга элди чакырган же терроризмге элди үгүттөгөн» деген айып тагылып 7 жылга эркинен ажыратылган. Бошотулган.
32. Замирбек Эсенаманов, жаратылыш ресурстарынын мурунку министри. Кылмыш иши козголуп, сот тарабынан акталып чыккан.
33. Исхак Пирматов, депутат. Кылмыш иши козголуп, парламент жоопкерчилик тартууга макул болгон эмес.
34. Элмурат Обдунов, экс-депутат. Кылмыш иши козголуп, парламент жоопкерчилик тартууга макул болгон эмес
35. Иса Өмүркулов, депутат, Бишкектин мурунку мэри. Кылмыш иши козголуп, жоопкерчилик тарткан эмес.
36. Курманбек Осмонов, мурунку вице-премьер-министр. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес.
37. Болот Абилдаев, мурунку каржы министри. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес.
38. Темирбек Акматалиев, мурунку өзгөчө кырдаалдар министри. «Кумтөр» боюнча кылмыш иши козголуп, мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жоопкерчилик тарткан эмес.
39. Аскарбек Шадиев, мурунку биринчи вице-премьер-министр.Кылмыш иши козголуп, сыртка качып кеткен.
40. Тайырбек Сарпашев, мурунку биринчи вице-премьер. Кылмыш иши козголуп, иши кыскартылган.
41. Нурлан Сулайманов, мурунку унаа, жол министри, коррупцияга шектелип издөө салынган.
42. Шералы Абдылдаев, мурунку мамлекеттик мүлк министри. Коррупцияга шектелип издөө салынган.
43. Акылбек Жапаров, депутат. Коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон.Камалган эмес.
43. Музаффар Исаков, депутат. Коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон. Камалган эмес.
44. Өмүрбек Бабанов, экс-депутат.Бийликти оодарууга жасаган аракети үчүн кылмыш иши козголгон. Камалган эмес.
45. Алмамбет Шыкмаматов, депутат. Коррупцияга шектелип 5 миллион сом айып тарткан. Камалган эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «Назарньюс»