www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бучадагы трагедиядан кийин канчалык оор болбосун, согушту токтотуу үчүн Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи. Шейшембиде жергиликтүү кабарчыларга маегинде президент Бучада болгон окуяны «чоң трагедия» жана «геноцид» деп атап, согуш кылмышкерлери жоопко тартыларына убада берди.

Зеленский муну менен катар Украина тынчтык келишимине кол коюлган күнү да, Москванын кепилдиктерине ишенбесин, Орусия «эки жылдан кийин кайрадан кайтып келиши мүмкүн экенин» билдирди.

Президенттин айтымында, өлкө НАТОго кирмек, бирок альянс ага даяр эмес болуп чыкты. Анын үстүнө Украинанын коопсуздугун кепилдей турган мамлекеттердин тизмеси жок.

Буга чейин мамлекет башчы Украина Орусия менен сүйлөшүүдө аймактык бүтүндүгүн жактарын айтып келген.

Украин бийлигинин маалыматына ылайык, Киевдин четиндеги Буча шаарчасы орус аскерлеринен бошотулгандан кийин жай тургундардын сөөктөрү табылган.

Орусия бийлиги айыптоолорду четке кагып, Бучадагы кылмыштары тууралуу маалыматтарды Москваны каралоону көздөгөн «чагым» деп сыпатташты. Алар аскерлер Бучадан 30-мартта чыгарылганын айтышууда.

Maxar Technologies фирмасынын спутниктен марттын ортосунда тартылган сүрөттөрдө шаардын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнүп турат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости