www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спорт сүйүүчүлөрү кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаевди жакшы билет. Атактуу “Гермес профи” спорт клубунда Александр Воиновдун алдында машыкчу. Кыргызстан үчүн рингде далай жолу “туруп” берди.

Бирок жакында ага карата коңшулары тарабынан арыз түшкөндүгүн эшиттик. Анда спортчунун кошуналары Мирбек Сүйүнбаев алар баш калкалаган аймакка балдар аянтчасын куруп, ал ишке көмөктөшпөгөндөрдү ур-токмокко алып жаткандыгын маалымдашкан.

Андан сырткары, Сүйүнбаев жаңы курулуп жаткан аянтчанын тегерегиндеги бак-дарактарды кыйып салды деп билдиришкен Мирбек менен бир короодо жашаган шаар тургундары. Сүйүнбаев болсо мунун бардыгы чындыкка дал келбей тургандыгын айтып, курулуш иштерине эч кимди мажбурлабагандыгын билдирүүдө. Анын айтымында, ал аянтчаны Мирбек өз каражатына жана өз күчү менен тургузуп жатыптыр. Ал эми куурап калган бак-дарактарды спортчу “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын уруксаты менен кыйгандыгын айтат.  

- Мен тажрыйбалуу кикбоксчумун. Мен бирөөнө кол көтөрсөм аягы жаман аяктайт. Ошону билип өзүмдү ачууга алдырбайм. Болгону бир жолу өспүрүм балага таштандыны алып кой деп катуу айтып алсам керек. Бул чууну болгону 2-3 адам көтөрүп  жатат, -дейт спортчу өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости